Баткен облусунда атасы 9 ай бою өз кызын зордуктап жүргөн.

Милицияга арыз менен кыздын апасы кайрылган. Анын жоктугунан пайдаланып күйөөсү өзүнүн кызын зордуктап жүргөнүн билдирген.

«Апасы даарыланып Бишкекте жүргөн. Мурдагы жылдын декабрь айында кызы боюна бүтүп калганын байкап калган. Бул окуя боюнча апасы кайненесине айтып берген. Бирок элдин жана жакындарынын сынынан корккон чоң энеси кызды Тажикистанга алып кетип калган. Ал жактан кыз өз убактысынан эрте төрөгөн. Кайра Баткенге келгенде чоң энеси баланы муунтуп өлтүргөн. Учурда кыздын атасы Орусия жергесинде жүрөт «,  — деп ИИМ билдирет.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү