Салык чогултуу боюнча план 98,3 пайызга аткарылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде быйылкы жылдын январь-августундагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө  маалымат угулуп жатканда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Ал эми бажы кызматы тарабынан 18 млрд 300 млн сом чогултулган. Ал пландагыдан 185 млн сомго көптүк кылат.

«Салыктык түшүүлөрдүн кемиши импорт көлөмүнүн азайышынан улам болду. Ал 2014-жылга салыштырмалуу 35 пайызга азайды. Ошондон улам, 1 млрд сомдон ашык каражат бюджетке түшпөй калды. Анын 800 млн сому маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин ноябрь айында өтүүчү жыштыктарды ижарага берүү сынагынан түшчү каражат менен жабылмакчы», — дейт каржы министри.

Андан тышкары, ушу тапта республикалык бюджеттин корголгон статьяларынын баары толугу менен каржыланып жатканы белгилүү болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү