Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Баисбек Касымбеков маалымат жыйында билдиргендей, ушул жылдын январь-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 310 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 286 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,1 %га өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 135 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 %га төмөндөдү. Мурдагыдай эле, өнөр-жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн, текстиль өндүрүшүнүн, кийим тигүүнүн жана курулуш материалдарынын өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды.

Жалпысынан керектөө бааларынын 2,5 пайызга төмөндөөсү байкалды. Ал эми өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тескерисинче, бир аз (1,1 %га) өсүү байкалган.

Ошол эле убакта, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 8 %га төмөндөгөн.

 

Бөлүшүү