12-май күнү КТРКнын «Ой-Ордо» көрсөтүүсүнөн «Толеранттулукпу же улуттук баалулуктарбы» деген теманын үстүндө талкуу болду. Андагы теманын негизги өзөгү кумсалардын (гейлердин) укуктары, кыргыз коомчулугундагы алардын орду тууралуу сөз козголуп, эки тараптуу каршылыкты жараткан. Андан кийин бир топ жаштар социалдык тармактар аркылуу каршы пикирин билдирип, тема дале кызуу талкууга алынууда. 

Кумсалар тарыхта болгонбу? Деги эле кумса деген сөз качан чыкты? Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул көрүнүштөр адамзат тарыхында кандай болгон?

Кээ бир адамдардын пикири боюнча, психологиялык оору, табиятынан ошондой жаралгандан кийин күнөөлөөгө болбойт. Коомчулуктун жоон тобу кумсаларды күнөөлөп, адамзаттын баалулуктарын бузат деп келишет.

Кыргыз коомчулугунда бул көрүнүштүн жайылып бара жатканы эл арасында тынчсызданууну жаратты. Өткөн 2015-жылы 17-майда Бишкекте кумсалардын үйлөнүү тою болуп жаткан учурда жаш активистер барып токтотуп калышкан. Бирок алар эч кандай той эмес, эл аралык гомофобия күнүн белгилеп жаткандыгын билдиришкен. Андан кийин жаштар кумсаларга каршы акцияга чыгышкан эле.

Ал эми 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кумсалар жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алып, гей-клубдарды ачуу, гей жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок, эл аралык укук коргоочу уюмдардын жана батыш өлкөлөрүнүн талабы менен мыйзам алынып салган. Ал эми Жогорку Кеңештин 2-чакырылышы кумсаларды түрмөгө салуу боюнча мыйзам кабыл алып, 1998-жылы жокка чыгарылган.

Кумсалар адамзаттын ислам тарыхында болгонбу? Аларга карата шариат кандай өкүм чыгарган? Бул суроолорго Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынан фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактияр saat.kg жооп берди.

«Кумсалык кылуу- бул оор күнөө, бул оору болуп саналат. Куранда айтылгандай, Лут пайгамбардын мезгилинде коом бузулуп кеткен. Андагы терс көрүнүштөрдүн бири бир жыныстагы адамдардын кошулуусу болгон, тактап айтканда кумсалар болгон. Лут пайгамбар аларды туура жолго үндөп, Жараткан силерге аял затын бербедиби, эмне үчүн мындай ишке барасыңар деп айткан. Андан кийин деле бул көрүнүш тарыхты болуп келет», — деп эсептейт ал.

Ал эми шариат кумсалыкты күнөө катары карап, ага карата 3 өкүм чыгарылат.

  1. Эгерде адам үйлөнүп туруп мындай ишке барса, күнөөсү далилденсе, анда зынаа катары эсептелип, таш бараңга алынган. Ал эми бойдок болуп туруп андай ишке барса, 100 балак урулган.
  2. Эгер мындай ишке баргандыгы тууралуу билинип калса, ошол айланадагы эң бийик жерге же имаратка алып барып таштап жиберген да, үстүнөн таш ыргытышкан.
  3. Кайсыл жерде кылмыш иши болуп, далилденсе, жергиликтүү сот, казы, ак сакалдар оор өкүм чыгарышкан. Кээде өлүм жазасына чейин болгон.

Токтогазы уулу Бактиярдын пикиринде, кумсалар табияттан келип чыкпайт, ал тарбиядан.

«Эгер табияттан болсо, Аллах аларды аял эле кылып жаратып койбойт беле. Ошондуктан, өскөн чөйрөсүнөн, берген тарбияга жараша жетилгенде билинип калат. Кыргызда сөз бар: бала-баладай, кыз-кыздай болгону жакшы деп бекеринен айтпайт. Тарбияны жакшы берүү жаман көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп эсептелет», — дейт диний ишмер.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев saat.kgге кыргыздардын тарыхында кумсалардын массалык көрүнүшү болбогонун билдирди.

«Кыргызстандын тарыхында кумсалар болгон тууралуу так фактылар, булактар жок. Эч бир адабий, көркөм чыгармада да тарыхый булактарда да азырынча табылган эмес. Бирок эл арасында илгертен «кыз деке», «ачы кыз» деп атап келишкен. Кумса деген ошо ачы кыз деген сөз болушу керек. Аларды коомчулук жек көргөн. Ал эми коңшу өзбек элинде болгондугу тууралуу орус булактарынан тапса болот. ХIХ кылымда Анжиян, Наманган, Фергана шаарларында атайын бачалар деп аталып, булар чыгып алып, концерт коюп, топтошуп, бача базар уюштурушкан. Бирок мындай массалык көрүнүш кыргыз элине таралган эмес», — дейт ал.

Кумсалар негизинен бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө коомчулуктун каршылыгын жаралып келет. Мусулман өлкөлөрү арасында Сауд Арабиясы жана Иран өлүм жазасын берет. Негизинен, гейлерде ачыкка чыгуу жокко эсе. Ал эми өткөн жылы Түркияда жана Израилде кумсалар жөө жүрүшкө чыкканда коомчулук жана полициянын каршылыгына кабылып, таркатылган.

Кумсалар — Батыш өлкөлөрүндө кадимки көрүнүш. Мыйзамы да жол берет. Адамзат тарыхында эң биринчи жолу 2001-жылы Нидерландияда бир жыныстагы адамдардын үйлөнүсүнө расмий уруксат берилген. Ал эми коңшу Өзбекстанда бул кылмыш катары саналат. Өткөн жылы Ислам Каримов катуу сынга алган эле. Ал эми АКШ президенти Барак Обама кумсалардын журналына сүрөткө түшүп, АКШда алардын баш кошуусуна расмий уруксат берилген.

Кумсаларга каршы боюнча көп жолу пикирин билдирип келген жаштар арасында активист Азат Аманов Кыргызстанда кумсалардын пропагандасына уруксат берилсе, дагы башка талаптарын коюп чыгышат, ошондуктан уруксат бербеши керек деп эсептейт.

Кыргызстандын муфтияты өткөн жылы бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу өтө чоң күнөө болоорун эскертип, фатва жарыялаган эле

Бөлүшүү