Эки күн мурун Түндүк кавказдык имам Исмаил Бердиевдин аялдардын жеңил ойлуулугун азайтуу үчүн аларды сүннөткө отургузуу керек деп айтканы коомчулукта талкууга алынды.

Имам унутта калган теманы чукуду

ММКлар анын билдирүүсүн байма-бай жазып баштагандан кийин муфтий айткан сөзүн артка алып, бул сөздү жөн гана аялдардын зынасы азайышы үчүн айтканын белгилеп кутулду.

Ал эми чындай келгенде дүйнө жүзүндөгү кээ бир өлкөлөрдө эркектер эле эмес аялдар дагы отургузула турганын көпчүлүк биле бербейт. Билсе да укмуштуудай салттары менен жашаган Африка өлкөлөрүндө кездешсе керек деп ойлошу мүмкүн.

Аялдардын сүннөтү деген эмне?

Аялдарды отургузуу деген бул – алардын жыныстык мүчөсүнүн кын тилин кесип алып салуу. Ал медицинада гениталиясынан ажыратуу (клиторду кесип салуу) деп айтылат. Анда аялзатынын сексуалдык каалоосу төмөндөп, кумарга бата албай же оргазмга жете албай калат. Кай бири ооруларга чалдыгып, төрөбөй да калышы мүмкүн.

Бул салтты колдонгон элдердин түшүнүгү боюнча кыздар жыныстык жашоого кызыкпай калышат дагы, күйөөлөрүнө ишеничтүү жубай болуп беришет. Ал эми Сомалиде, Суданда жана араб коомчулугунда «кын тилин алдырбаган кыздар «түнкү көпөлөктөр» болуп эсептелинет.

Кээ бир эл кадимкидей кыздарды сүннөткө отургузат

Негизи бул ыкма Африка өлкөлөрүндө, Азиянын айрым мамлекеттеринде жана Жакынкы чыгыштын кээ бир жерлеринде колдонулат. Дүйнөнүн 30 өлкөсүндө, анын ичинде Филиппин, Малайзия, Йемен, Оман, Араб эмираттары, Пакистан, Индонезия жана Дагестанда кыздарга кастрация жасалат. Ал эми диндер боюнча ислам, христиан жана иудейлерде кездешет.

Ал эми тыюу салынган өлкөлөрдө жашаган эл көнүп калган салтын улантып кыздарын өлкөдөн тышкары алып барып операция жасатып келишет. Андайга акчасы жетпеген жакырлар болсо үйдөн жасашат. Бирок жашыруун жасалат. Эгерде, укук коргоочулар билип калса, бул боюнча соттолуп да кетиши ыктымал.

Динде аялзатын отургузуу деген жок

Ал эми адам укуктары жана гендердик теңчилик боюнча эл аралык уюмдар бул салт аялдарды майып кылып, алардын укугун тебелеп жатканы үчүн терс көз карашта. Алардын тизмесиндеги «сүннөткө отурган» кыздардын саны 135 миллиондон ашкан. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда жана дүйнө медицинасында бул термин 1980-жылдан бери колдонулбайт. 2012-жылы БУУ тыюу салуу боюнча резолюцияны киргизген.

Бул салтты колдонгондордун көбү кын тилин кесүүнү мусулманчылыктагы аруулук жана тазалыкка такашат. Ал эми ислам дининин теологдорунун басымдуу бөлүгү күнөө деп эсептеп, динде аялзатын отургузуу деген жок экенин белгилешет. Бул салт аталган динге чейин эле пайда болгону айтылат.

Кын тилди кесүүгө 1985-жылы Англияда, Египетте 1197-жылы жана 2007-жылы Эритреяда мыйзамдуу түрдө тыюу салынган.

Отургузуунун зыяны бар бирок, пайдасы жок

Эч кандай ден соолукка пайдасы жок. Тескерисинче, инфекция кирип, сепсис сыяктуу ооруларды жаратат. Айыздын келишин, заара ушатууну кыйындатат. Андан сырткары тукумсуздукка алып келип, төрөт учурунда кыйынчылык жаратып эле тим болбостон ымыркайдын өлүмүнө себепкер болушу мүмкүн. Медицинада клитор жыныстык олуттуу ооруларга (жатындын рагы) байланыштуу алынат.

Моралдык жактан алганда кесилген кыны менен аялзаты чындап эле кумарга бата албай калат. Андыктан сексуалдык жашоого болгон кызыгуусу албетте азаят.

Айрым өлкөлөрдө кыздар сүннөткө отургузулбаса турмушка чыга албайт. Таза болуп эсептелинбейт, дубалары кабыл болбойт жана эркек бала төрөй албайт деп айтылат. Египетте врачтар ооруларды шылтап үйдөн операция жасаган учурлар кездешет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү