АКШ башталгыч класстар үчүн кыргыз тилинде чейрек миллион китеп тапшырат

Автор -
0
450

Кыргызстандын улуттук aдабият күнү, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни бардык мамлекеттик кыргыз тилдүү башталгыч мектептерге 264 000ден ашык китептин USAID аркылуу таратыларын жарыялады.

Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектепке жаш окурмандардын муктаждыктарына жараша негизделген жомоктоду, аңгемелерди, табышмактарды жана ырларды камтыган кыргыз тилиндеги 123 китеп тапшырылат.

USAIDдин «Бирге окуйбуз» аттуу долбоору өлкө боюнча 60 пайызга чукул мектептерде 1-4 башталгыч класстардын окуучулардын окуу жөндөмдөрүн жогорулатуу аракетинде иштеп жатат. Kасымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында өткөн китептерди тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө элчи Гуолтни бул белек Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы 25 жылдык үзүрлүү өнөктөштүгүнө арналган деп белгиледи.

«Биз АКШнын өкмөтү жана Кыргызстандын билим берүү жаатындагы кызматташтыкта кошула алганыбызга сыймыктанабыз жана биз бул маанилүү ишти улантуу үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», — деп билдирди элчи.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү