Кызынын көз жумарын билген апасы анын тилегин орундатуу максатында турмушка узатты.

Кичинекей Мэри Мессейдин эң маанилүү кыялдарынын бири турмушка чыгуу болчу. Мэри 6 жаштагы досу Дэмиен менен 2 жашынан баштап достошуп, чоңойгондо баш кошууну кыялданышкан.

Айыкпас дарт менен ооруган кыздын ата-энеси ооруканада эле той өткөрүп беришкен. Салтка айлангандай эле келин ак көйнөгүн кийип, башына таажысын тагынган. Күйөөсү кара костюм кйиген.

Мындан сырткары, ата-энеси түгөйлөргө нике шакегин да тагууну унутушкан эмес. Той бүткөн соң эки жашка торт белек кылышкан.

2016091310010896493_1473673473_20161209042923

Тойдон  6 саат өткөндөн кийин кыз көз жумган

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү