Экс-премьер-министрдин уулу Алтынбек Муралиев мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматты чет өлкөлүк уюмга айтканы үчүн күнөөлөлүп жаткан эле.

Анын 22 жылга эркинен ажыратылганын жана чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алганын укук коргоо органдары билдиришкен.

Күнөөлөнүп жаткандар жана алардын жактоочулары өкүмгө карата Биринчи май райондук сотуна аппеляциялык доо арызын жазышкан. Ал эми мамлекет Муралиевдин жазасын күчөтүүнү суранган. Соттун чечими менен ал күчөтүлгөн режимде жазасын өтөмөй болду. Соттолуп жаткан экинчи адам 4 жылга кесилип, соттун амнистиясы менен бошотулду.

Алтынбек Муралиев соттолгонго чейин өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалаган. Ал 2014-жылы камакка алынып, УКМКнын тергөө абагында болгон.

Бөлүшүү