Былтыр төө буурчактын баасы 28 сомго чейин түшүп кеткен. Үч жыл мурун болсо 100 сомго чейин көтөрүлгөн эле. Буурчак өстүрүп, өзүн-өзү актабай жаткандыктан, Таластын дыйкандары нааразычылыктарын билдирип, бир нече жолу митингге чыгышкан. Ошентсе дагы, дыйкандардын үмүтү өчпөй, быйыл да төө буурчак себүүгө камданып жатышат.

Эмнеге быйыл төө буурчактын баасы арзан болду?

Айыл чарба министрлиги дыйкандар төө буурчакты канча өстүрүү керек экенине, сапатына көңүл бурбай келе турганын айтат. Адистер былтыр буурчакты аз сепкиле деп сунуштаса да, дыйкандар мурунку жылга караганда көп айдап салган экен. Министрликтин басма сөз кызматынын катчысы Төлөгөн Суйлайманов былтыр Кытайда, Бразилияда, Аргентинада  жана башка өлкөлөрдө фасолду көп өстүргөндүктөн баасы төмөндөп кеткенин билдирди.

“Талас эл ынтымагы” кыймылынын лидери Серен Шейшенов дүйнөдө экологиялык жактан таза Таластын төө буурчагындай жок экенин айтууда.

“Дүйнөдө Европа алкагында буурчактын 1 кг баасы өтө кымбат — 500-600 сом. Бизде азыркы учурда 32 сомдон алынып жатат”, -дейт ал.

Буурчакты куурчак кылып ойногон ортомчулар

Таластык дыйкандар төө буурчакты алууда ортомчулар пайда болгонун айтып жүрүштү.

Министрликтин өкүлү дыйкандар кимге, кайсы компанияга фасолун өткөрө турганы өзүнүн иши экенин билдирди.

“Ооба, ортомчулар болушу мүмкүн. Түркиянын, Кыргызстандын компаниялары бар. Тилекке каршы, бул жерде министрлик мыйзам боюнча жеке компания менен дыйкандардын ортосундагы соода-сатыкка аралаша албайт”, — деди Төлөгөн Сулайманов.

Өтпөгөн буурчак өстүрүлөт

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, таластыктар арзан фасолдун түрүн өстүрүшөт.

“Негизинен бизде “лопата” деген түрү өстүрүлөт. Министр Турдуназир Бекбоев жакында Түркиядан келген окумуштууларды, ишкерлерди кабыл алды. Түркиялык ишкерлерге 10 гектар жер бөлүнүп берилди. Алар Таластын фасолунун түрүн байытуу боюнча иш жүргүшөт”, — дейт Сулайманов.

Таластын дыйкандары кант кызылчасын өстүрүүгө даярбы?

Өкмөт Таластын дыйкандарына быйыл кызылчаны өндүрүүнү сунуштады. Бирок “Талас эл ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов жергиликтүү калк кант кызылчасын өстүрүүгө даяр эмес экенин айтууда.

“Дыйкандарга “муну тик же тигини тик” деп айтууга укугу жок. Негизи жазында эмне эгебиз деп алар бир жыл, жарым жыл мурда даярданышат”, — дейт С. Шейшенов.

Министрликтин басма сөз кызматынын катчысы Төлөгөн Суйлаймановдун маалыматына таянсак, алар тараптан элге кызылча тигүүгө шарт түзүлүп жатат.

“Кайынды кант” акционердик коому менен биргеликте азыр Таласта кызылча өндүрүү боюнча уруктар таратылып, тренингдер өтүүдө. Ошондой эле министр Турдуназир Бекбоев Кыргыз темир жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар кызылчаны жеткирүү баасын арзандатып бермей болду”, — деди басма сөз кызматынын катчысы.

Ал дыйкандар министрликтин сунушун укпаса өздөрүнөн көрсүн деп кошумчалады.

“Эгерде биз дагы эле төө буурчакка басым жасасак, эмдиги жылы былтыркы кейпибизди кийебиз. Баа былтыркыдай арзан болуп сакталып калышы мүмкүн. Министр дүйнөлүк биржалардын баасы боюнча Түркияга барып сүйлөшүп келди. Фасолдун баасы былтыркыдан төмөндөбөйт”, — дейт министрликтин өкүлү.

Министрликтин көрсөтмөсү боюнча, фасолдун баасы алты жыл мурда 18-22 сомдон, акырындык менен көтөрүлүп отуруп, 2013-жылы 100 сомго чейин чыккан. Андан кийин эле 2015-жылы эң кымбат баасы 35 сом болду.

Бөлүшүү