Англиялык жана немис продюсерлик компаниялары Атайдын бийлери боюнча “Биз мындайды көрө элек болчубуз” деген оюн айтышып, дүйнөнүн ири шаарланыра шоу коюп келүүнү сунушташты.

Атай өзү билдиргендей, бийчилердин чыгармачылыгына суктанган атактуу продюсердик компаниялар атайын шоу-программа түзүүнү сунушташкан. Шоу дүйнөдөгү эң чоң сахналарда коюлуп, Кыргызстандын атын чыгарууга чоң салым болот. Бирок, албетте, бул долбоорго чоң каражат керектелет.

“Мен командам менен чыгымдардын бир бөлүгүн өзүбүзгө алып, бюджетти 3 эсе кыскарттык. Жумуштун жана чыгымдардын көбүн биз өзүбүз аткарабыз. Бирок миллиондогон адам көрө турган шоуга дагы каражат керек болот”, — деп Өмүрзаков Facebook баракчасында жазды.

Атактуу бийчи учурда долбоорду колдоого инвесторлорду издеп жаткан чагы. Атайдын айтымында, чыгымдар бир жылда өзүн актап коёт.

“Кыргызстаныбызга пайда алып келе турган бул мүмкүнчүлүк ишке ашырылат деп үмүттөнөбүз”, — деп билдирди ал.

Бөлүшүү