Бул каражат дарылоо жана дары-дармектерди сатып алуу үчүн бөлүндү.

6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болду. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.

Жалпысынан, 2 газ куюучу унаа жана 3 фура өрттөнүп кетти. Тез жардам кызматы билдиргендей, 11 адам жабыркап, ооруканаларга жеткирилди. Алардын тогузу күйүктөрдү алса, бирөөсү газга ууланды. Дагы бир адам, өрт кызматынын кызматкери, ар кандай жаракаттарды алды.

Окуя болгон жерден фото жана видео материалдарды бул жерден көрүүгө болот.

Бөлүшүү