Президент Алмазбек Атамбаев Хавелиан шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген авиакыйроого байланыштуу Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

«Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына,  ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын элине оор жоготууга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам»,-  деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү