Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана кыргызстандын коргоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Темир Жумакадыров ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара маселелерин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын сөзсүз түрдө эске алуу менен конструктивдүүлүк менен чечүү багытын улантуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да президентке кеңири баяндады.

Алар укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөдөгү диний кырдаалды өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.

Бөлүшүү