Бул тууралуу бүгүн сотто Базар-Коргон райондук сотунун прокурорунун экс-орун басары Жамиля Туражанова билдирди.

Анын айтымында, Аскаров кармалгандан кийин аны атып салууну жана муздак суу сураган.

Ошол эле учурда соттолучу милиция кызматкерлери аны кордогонун айтты. Ошондуктан атып салууну суранган.

Аскаров билдиргендей, ал камалган биринчи күнү Туражанова кылмыш процессуалдык кодексин колуна кармап, аны башка мыйзам менен соттой турганын айткан.

Ал эми бул сөздү Туржанова калп деп айтты.

Буга чейин 2010-жылдын июнь айында “улут аралык жаңжалды козуткан”деп соттолгон Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. БУУнун кайрылуусунан улам кайрадан каралууда.

Бөлүшүү