«Global Business Forum-2016» эл аралык конференциясы 30-октябрда Бишкек шаарында болот.

Аталган иш-чаранын алкагында легендарлуу америкалык ишкер, инвестор, «Бай там, кедей атам» бестсселеринин автору Роберт Кийосаки чакырылган.

Роберт Кийосакиден тышкары, бизнес-машыктыруучу Мак Аттрам, интернеттен пайда алып келүү боюнча эксперт Пена Джун жана Global Business Forum-2015 бизнес форумунун уюштуруучусу Асель Сыдыкованын чыгуулары болот.

Кирүү акысы 17,9миң сомдон башталат. Бул баа августтун аягына чейин гана сакталат. Сентябрдан тарта билет баасы дагы 10 миң сомго көтөрүлөт.

Аталган бизнес-форумдун коноктору жана катышуучулары болуп Казакстан жана Кыргызстандан келген миңден ашык ишкерлер болот.

«Global Business Forum-2016» бизнес тармагын мыкты билген адистерди чогултат.

Бөлүшүү