Бардык мамлекеттик мекемелердеги кызытуучу лампалар акырындык менен жарык диоддук лампаларга алмаштырылат.

Бул туурасында вице-премьер-министр Олег Панкратов мамлекеттик мекемелердин коммуналдык тейлөөлөргө чыгымдарын оптимизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

Олег Панкратов белгилегендей, энергетикалык кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдалануу маселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп саналат.

«Өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты төмөндөтүү максатында жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу зарылдыгы тууралуу көп айтылууда. Жаңы технологиялар энергияны пайдаланууну кыскартунуунун башка жолдорун табууга мүмкүндүк берет.  Учурда мамлекеттик мекемелерде болжол менен 538 миң кызытуучу лампалар орнотулган. Эгерде биз аларды жарык диоддук лампаларга алмаштырсак, 60 млн кВт/с экономиялык үнөмдөө орун алат, бул кубаттуулугу 7 МВт жаңы генерациялык станциянын курулушуна барабар», – деди Олег Панкратов.

Анын айтымында, жарык диоддук лампаларга өтүү ар бир керектөөчү үчүн пайдалуу.

«Диоддук лампалар орточо алганда кызытуучу лампаларга салыштырмалуу кымбат саналганы менен энергияны үнөмдүү пайдаланышы жана кызмат өтөө мөөнөтү узактыгына байланыштуу экономикалык пайда жарык булагынын бирдигине карата орточо 250 сомго барабар болот. Өлкө масштабынан алып караганда бул маанилүү экономикалыек натыйжаны берет. Майлуу-Суу электролампа заводунда өндүрүлгөн жарык диоддук лампалардын колдонулушу жарык үчүн эсеп төлөө боюнча чыгымдардын жана электр энергиясын пайдалануунун кыскарышына да алып келет. Ошондой эле аталган ишканага туруктуу иштөөсүнө жана өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга көмөк көрсөтөт», – деп белгиледи Панкратов.

Бөлүшүү