19-декабрь күнү кечинде Рождество базарына чогулган адамдарды жүк ташуучу унаа тепсеп кетип, 12 киши каза болду, ондогон адам жаракат алды. Полиция окуяны  теракт болушу мүмкүн деп  иликтөөдө.

Бийлик айдоочу унааны базардагы адамдарды көздөй атайылап эле айдаган деп эсептөөдө. Жүк ташуучу унаа дээрлик 80 метр жүрүп барып адамдарды тепселеп кеткен. Полиция билдиргендей, унааны башкарып бараткан адам кармалды.

DPA маалымат агенттиги кармалган адам Германияга Ооганстандан же Пакистандан качкын катары келгендигин билдирүүдө.

Жүк унаасынын кабинасында дагы бир адам болгон, ал окуя болгон маалда же ага чейин өлтүрүлгөн деп болжолдонууда. Полициянын маалыматы боюнча ал адам поляк тектүү болгон. Варшавадагы TVN 24 телекомпаниясы унаа польшалык транспорт компаниясына тиешелүү экенин билдирди. Компания ээси Ариэль Журавскийдин айтымында, жүк унаасынын айдоочусу Берлинген болот конструкцияларын ташып иштечү. Учурда ал телефондук чалууларга жооп бербей жатат. Полиция жүк ташуучу унаа уурдалган болушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Бөлүшүү