Депутат Садык Шер-Нияз министр кыргыз тилин канчалык жакшы билээрин текшерип көрүү үчүн “Манас” эпосунан үзүндү окуп берди.

«Коломсокко кол салып,

Колуна тартып ок алып,

Киричине чалганча

Коюп Манас кеткени».

Шер-Нияз Сариевадан бул саптардын маанисин чечмелеп берүүнү суранды. Бирок министр анын өтүнүчүн аткара алган жок.

“Билим берүү министри өзү түшүнбөй жатса, жалпы коомду айтканда эмне? Бүгүн эл “Манас” эпосун билбейт, Чыңгыз Айтматовду окубайт. Биз кыргыз тилине көңүл бурбай жатабыз. Мына, бул 4 сап сиздин деңгээлиңизди көрсөттү. Ата-бабаларыбыз калтырып кеткен сөздөрдү түшүнбөй жатабыз. Бизде тил, маданияттан башка эч нерсе жок. Мактанаарлык экономикабыз жок”, — деп нааразы болду депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү