Программа 10 күнгө уланып, көпчүлүк чыгымдарды Кытай өкмөтү өзүнө алат. Катышуучулар билеттин баасын жана медициналык камсыздандыруу үчүн гана төлөйт.

Билим берүү жана илим министрлиги долбоорго катышуу үчүн 14-18 жаштагы 200 баланы тандап алат. Аларды мугалимдер жана министрликтин өкүлдөрү алып барып келишет. 10 күн ичинде Кытайдын кызыктуу жерлери көрсөтүлөт, ал үчүн маданий жана билим берүү программасы түзүлөт.

Программага катышуу үчүн атайын анкета толтуруу керек болот. Андан тышкары, катышуучулар окуудагы жетишкендиктерин да көрсөтүп бериши шарт. Билдирме тапшыруу 20-июнда аяктайт. Билим берүү министрлиги жакшы окуган балдарга артыкчылык берээрин билдирди. Кененирээк маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Бөлүшүү