Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Токмок-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл өткөрүү жайларын реконструкциялоо жана заманбап жабдыктар менен камсыз кылуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кең-Булуң айылындагы көзөмөл өткөрүү бекетинин сметалык баасы 29 998,8 миң сомду түзүп, учурда пайдубалы түптөлсө,  А блогу толугу менен бүтүп, Б блогунун тосмосу орнотулуууда. Мындан тышкары көзөмөл-өткөрмө пунктунун  жылытуучу жайынын дубалы тургузулду.

Ал эми Токмок шаарындагы көзөмөл өткөрүү жайынын сметалык баасы 29 622,0 миң сом. Учурда аталган жайдын жер казуу, пайдубалын куруу  иштери жүргүзүлүүдө. А – Б блокторунун темир шыптары коюлуп, курулуш иштери кызуу уланууда.

Курулуш иштери менен таанышып чыккан Биринчи вице-премьер-министр Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге ишти белгиленген мөөнөттө  сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

«Жетишпей жаткан курулуш материалдарынын сметалык наркын тактап, тез арада өткөрмө пункттарды модернизациялоону аяктоосу зарыл.  Эң башкысы ишти үзгүлтүккө учуратпоо керек», – деп баса белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Бөлүшүү