Бүгүн Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында «Тойота» менен «ХОВО» автоунаасы кагылышкан.

Андан 5 адам каза болгон. Анын экөөсү чоң адамдар, үчөөсү жаш балдар.

«Тойота» автоунаасынын 7 жүргүнчүсүнүн 3 жаракат алган адамдарын куткаруучулар жолдогу автоунаалар менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жиберген. Ал эми 4 жаракат алган адамын патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына алып кетишкен.

«ХОВО» унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес.

Азыркы учурда тийиштүү иш чаралар жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү