«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы борбордогу жылуулук электростанциясына көмүрдү ташый албай жатат. 

Мекеменин техникалык директору Валерий Бобров 1,2 млн тонна көмүр ЖЭСке алынып келиниши керек экендигин билдирет.

«Ишкана мындай көлөмдөгү көмүрдү табууга мүмкүнчүлүгү жетет, болгону маселе аны ташып келүүдө жатат. Күнүнө 4 миң тонна күйүүчү май куюш керек болот. Ал үчүн 200 унаа керек» — деди Бобров.

Анын айтымында, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да ЖЭСги оңдоп-түзөөлөр бүткөндө котёлдорду жергиликтүү көмүргө көндүрүүнү буюрган.

Техникалык директор андан сырткары мекемекеге кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Азыркы тапта ишкананы көмүр жаатында мурун иштеп көрбөгөн, тажрыйбасы жок адам башкарууда. Кызматчылардын айлык маянасы берилбей, мекеме мурунку күйүүчү майда ташып келип бергенинен 45 млн сомду өндүрө албай жатат», — деди ал.

Бөлүшүү