«Лицензиялоо: бүгүнкү күндүн талаптары жана келечеги» аттуу семинар-тренингге 170 ден ашуун Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлери катышууда.

Аталган иш-чаранын башкы максаты — билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиялык экспертиза жүргүзүүчү эксперттердин дасыктыгын жогорулатуу.

Семинар-тренингдердин жыйынтыгында катышуучуларга билим берүү ишкердигин лицензиялык экспертизадан өткөрүүдө катышуу боюнча укугун тастыктаган сертификаттар тапшырылат.

Бөлүшүү