Окуя бүгүн эртең менен болжолу саат 8:26да болгон. Тез жардам кызматына кезектеги чакыруу болуп, бригада Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине жөнөп кеткен.

Унаада 47 жаштагы дарыгер Чолпон Дүшенбиева да болгон. Орулуу үч мас абалындагы жаш кыз болгон. Алар дарыгерге эртерээк жардам бергиле деп кол салууга киришкен. Жыйынтыгында Дүшенбиева баш мээси чайкалып улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылган.

«Укук коргоо органдары азырынча эч кандай чара көрө элек»,- деп кошумчалады саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Елена Баялинова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү