Аргентина менен болгон финалдык оюндун негизги убакыты 0:0 эсебинде бүттү. Жеңүүчү кошумча эки таймда дагы аныкталган жок. Кубоктун тагдыры пенальтиде чечилди.

Аргентиналыктардын үмүтү болгон Лионель Месси жана Лукас Билья пенальтиден киргизе албай коюшту. 4:2 эсеби менен Чили Америка кубогуна ээ болду. Ушуну менен Чили кубокту экинчи жолу жеңип отурат.

Буга чейин эки команда 94 жолу ойногон. Алардын 64үндө Аргентина жеңген эле, 24 оюн тең чыкса, 6 ирээт Чили курамасы күчтүүрөөк болгон. Акыркы жолу эки команда Америка кубогунун тайпалык этабында жолугуп, Аргентина 2:1 эсебинде жеңген болчу.

Бөлүшүү