Бишкекте «Агрардык сектор: кадрлар, инновациялар жана перспективалар» аттуу форум өтүүдө.

ЕАЭБге мүчө болуп чек аралардын ачылганына карабастан, Кыргызстан азык-түлүгүн биримдиктин башка өлкөлөрүнө сата албай келет.

Бул маселе тууралуу айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев фермерлердин калыптанып калган стандарттарынан ЕАЭБдин талаптары айырмаланып жатат деп эсептейт.

«Ички сертификация менен талаптардын айырмасы болууда. Биз фермерлер менен иштешип, жаңы талаптарды түшүндүрүп жатабыз. Тастыктама берүү боюнча да маселелер бар. Анткени, бизде жетишээрлик лаборатория жок. 26 млн 384 миң сом Ысык-Көл жана Талас облустарына курула турган 2 лабораторияга бөлүндү. Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарына да тастыктама берүүчү жайларды куруу пландалып жатат» — дейт ал.

Чодубаевдин айтымында, келерки жылы Кыргызстандын бардык облустарына ветеринардык лабораториялар курулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
ФОРУМ АГРО: Кадры, Инновации, Перспективы | CAFMI LAB
2016-09-07 16:14:20
[…] Взгляд на агрофорум от кыргызской редакции новостного портала: http://saat.kg/2016/choduev-fermerler-eaebdin-talaptaryn-t-sh-nb-j-zhatat/ […]