Депутат Жанар Акаев менен экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун кайым айтышы аягына чыга элек көрүнөт. Түзүлүп калган “кырдаал” боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) өз оюн ортого салды.

Муфтият билдирүү жасап, Акаев менен Жалиловдун ортосундагы пикир келишпестик коомдун тынчын алып, дүрбөлөңгө салганын белгиледи.

Талаштын жараткан жума намаз үчүн түшкү тыныгууну бир саатка узартуу сунушун дин башкармалыгы колдой турганын айтты.

“Мыйзам чыгаруучу тараптан бул долбоор колдоо таап, кабыл алынган болсо, диний башкармалык катары жалпы элге түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн терең ыраазы болобуз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Муфтият Чубак ажынын сөздөрүнө да токтолуп, өз позициясын жарыялады.

“Чубак ажы өз билдирүүсүндө айтып, “Мен ал киши менен бир дасторкондо олтурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм” деген ж.б.у.с  сымал сөздөрү ал кишинин өзүнө гана таандык. Айтылган ой-пикир жеке кишинин пикири экендигин дагы бир жолу  белгилөө менен бирге, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул ойду тең бөлүшө албастыгын билдирет”, — дейт.

КМДБ тараптарды да элдешүүгө чакыруу менен, бул билдирүү болгону жеке кишинин жеке пикири экендигин эске салды.

“Бизге зарыл нерсе бул – коомдук тынчтык жана туруктуулук. Жеке амбиция же кызыкчылыктар дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт”, — деп билдирди муфтият.

Бөлүшүү