Жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Германия ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багытында пикир алышышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүү, Парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана экономикалык багытта кыматташууга кызыктар экендигин билдирди.

“Кыргызстан Германия менен экономикалык тармак боюнча кызматташууга, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө кызыктар”,-деди.

Андан сырткары, Турсунбеков 2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өтө турганын эске салды. Азыр мамлекет башчысынын, кыргыз парламенти менен өкмөтүнүн бардык аракети жогорку бийлик тизгинин конституциялык жол менен таза жана ачык-айкын өткөрүп берүүгө багытталып жатканын белгиледи.

Төрага коррупция, сот системасын, күч түзүмдөрүн реформалоо, улуттук экономиканы либералдаштыруу жаатында иш уланып жатканын, бул боюнча Европа биримдигинин, анын ичинде Германиянын колдоосу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Меркель Германия Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу жардамын уланта берерин, немис тарап кыргыз бийлигинин парламенттик демократия куруу аракетин жогору бааларын белдирди.

Ошондой эле канцлер эки өлкө ортосунда кызматташуу жакшы жолго коюлгандыгына жана  соода-экономикалык тармагы потенциалдуу экендигине карабастан аталган тармак жай өнүгүп жаткандыгына токтолду. Германия тараптан чакан жана орто бизнести алга жылдырууда колдоо боло тургандыгына ишендирип өттү.

Соңунда спикерди эки тараптуу кызматташтык мамилелерди бекемдөө максатында Германияга иш сапары менен келүүгө чакырды.

 

 

Бөлүшүү