Быйылкы жылдын январь-апрель айларында КРдеги орточо айлык 13 588 сомду түзгөн. Ал эми бул көрсөткүчтөр дүйнө өлкөлөрүндө кандай?

КМШ өлкөлөрү боюнча Орусия алдыңкы орунда жана Армения экинчи орунда турат.

Быйылкы жылдын июлуна карата орточо айлыктын рейтингинде Кыргызстан айлык маяна боюнча акыркы орундарда болгон. Мигранттардан которулган каражаттардын азайганына карабастан, башка өлкөлөргө караганда сомдун долларга карата курсу аз пайызда түшкөндүгү үчүн туруктуулук байкалган.

Эң аз маянаны тажикстандыктар алышат. Алардын орточо айлыгы акыркы жылдары 120-130 доллардын тегерегинде кармалып турууда.

КМШ өлкөлөрүндөгү орточо айлык:

Орусия — 545 доллар;

Армения — 411 доллар;

Казакстан — 408 доллар;

Беларусия — 374 доллар;

Азербайжан — 320 доллар;

Молдова — 265 доллар;

Кыргызстан — 220 доллар;

рУкраина — 215 доллар;

Тажикстан — 127 доллар;

Эң көп маяна менен АКШнын, Батыш Европанын, Түштүк Корея менен Жапониянын эли жашайт. Булар рейтинг боюнча алдыңкы орундарда туруп, орточо айлык баасы 3,5 миңден 5 миң долларга чейин жетет.

Норвегияда бир айлык маяна — 7049 доллар. Ал эми Австралия -5209, Жаңы Зеландия — 4763, АКШ — 4580, Германия — 4576, Канада- 3676, Жапония — 3418, Франция — 3397, Италия- 3270, Түштүк Корея — 2785, Испания -2776, Словакия -1382, Эстония — 1259, Греция -1121 жана Түркияда айлык — 907 долларды түзөт.

Анткени менен айрым өлкөлөргө жогоруу маяналуу жумушка жараша жашоонун өзү да ошончолук кымбат болот. Мисалы, Жапонияда орточо айлык 3400 доллар болгону менен азык-түлүк, турак-жай, керектелүүчү товарлар, байланыш менен транспорт өтө кымбатка турат. Нандын баасы 80-100 сом турат.

Калкынын эң минималдуу кирешеси боюнча өлкөлөрдүн рейтингине (саатына доллар менен эсептегенде) Орусия- 1 доллар, Кытай — 0,8, Ооганстан — 0,6, Казакстан — 0,5, Тажикстан — 0,4, Өзбекстан -0,2 жана Кыргызстан — 0,1 доллар менен кирген.

Эң кызыгы 2 млн гана калкы бар Катарда үй чарбаларынын 14%зы долларлык миллионер болуп эсептелинет. Калктын жан башына болгон ички дүң өнүмү боюнча бул өлкө алдыңкы орунда турат.

Бөлүшүү