Ош шаарында 10-августта саат 14.00 чамасында Н.Байтемиров көчөсүндө жайгашкан окуу жайдын жанында таштандыда ымыркайдын өлүгү табылган.

Ал ак түстөгү кездемеге оролгон жана айына жетпей төрөлгөндүгү аныкталган.

Ош ШИИБи аталган кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүп 22 жаштагы эч жерде иштебеген Кара-Суу районунун тургуну кармалды.

Аял күйөөсү жок кош бойлуу болгондугуна байланыштуу аны Оштогу төрөтканалардын биринде алдырганын айткан.

Иликтөөнүн негизинде, төрөтканалардын биринде аялдын өз каалоосу менен аборт жасашкан соң, медицина кызматкерлери алынган баланы атайын жайга таштабай, таштандыга ыргытып жибергендиги аныкталды.

Учурда иликтөө уланууда, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мындан мурун Ош ШИИБ аял төрөп баласын таштандыга ыргытты деп маалымат берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү