Аталган мыйзам доолборун демилгелеп көтөрүп чыккан КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев болду.

«Мектептерде алты күндүк окутуу мугалимдерге жана окуучуларга ашыкча түйшүктөрдү жаратат. Окуучулар үчүн ар кандай спорттук секцияларга, таанып билүү жана оюн-зоок ийримдерине катышуу, ошондой эле ойдогудай эс алуу үчүн убакыт калбайт»,- дейт депутат.

Анын айтымында, бардык өнүккөн өлкөлөрдө бул маселе талаш-тартыш жаратпайт.

Бирок ошону менен катар аталган мыйзам долбоорун ишке ашырууда бир катар маселе бар экендигин депутат эскертет. Ошондуктан жакынкы араларда беш күндүк окуу жумалыгына которуу мүмкүн эмес деген оюн айткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү