Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүшү тууралуу сөз болду.

Мамлекет башчы 500 киловаттык «Датка» менен 500 кВ «Кемин» подстанцияларынын жана 500 кВ «Датка-Кемин» электр өткөргүч линияларынын курулушу ийгиликтүү аяктап, ишке берилишине байланыштуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини «Данакер» орден менен сыйлады.

Жолугушууда алар кыргыз-кытай алакаларынын маанилүү маселелерин жана Кыргызстан менен Кытай ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын кеңири спектри боюнча өз ара аракеттерди күчөтүү жолдорун талкуулашты.

Бөлүшүү