“Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө дыйкан-фермерлер үчүн  пайыздык ставкалар боюнча жеңилдетилген кредит берүү тартиби 10%дык өлчөмдөн 7%дык чекке төмөндөтүлүүдө.

Бул тууралуу «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов билдирди.

«Эгерде дыйкандар коммерциялык банктардан кредит ала турган болсо, алардын айрым бир бөлүгүн өкмөт субсидия кылып төлөп берет. Мисалы, насыя 21% үстөк менен берилген болсо, анын 8-9%ын мамлекет субсидиялайт» ,- дейт депутат.

Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, 2011- жылдан баштап  565 млн сомдук субсидия берилгенде аны  4427 дыйкан алган. Ал эми  2012-жылы болсо 700 млн. сом  таратылган. Ошол каражаттардын бардыгы мамлекетке кайра кайтарылганын айтты.

«2013-жылы 14 599 киши айыл чарба багытындагы насыяларга ээ болгон. 2014-жылы болсо 15 миң дыйкан жеңилдетилген насыялардан колдонгон. 2015-жылы каражаттык колдоону 9700 киши алган. Азыркы максат ошол субсидия алуучулардын эсебин жогорулатуу»,- дейт депутат.

Бөлүшүү