КСДП парламенттик фракциясынын 30-сентябрдагы жыйынында  экономика тармактарын жана калкты 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалымат угулду.

Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов Бишкек шаарында бат- баттан электр жарыгынын өчүрүлүп жатышынын себебине кызыкты.

«Менин  энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевге суроом бар. Жайкы, күзгү айларда Бишкекте жылма өчүрүү болдубу?». – деп сурады эл өкүлү.

Айбек Калиев жылма өчүрүү болбогонун, бирок апрель-ноябрь айларында ремонт иштери жүргүзүлө турганын, эгерде өчүрүлө турган болсо, бул боюнча ММКлар аркылуу элге эскертүү берип, маалыматтандырыла турганын айтты.

 «Анда эмнеге мен шаардыктар менен жолукканымда Бишкектин батыш тарабында бат- баттан электр жарыгы өчүрүлөрүн айтып даттанышат? Мурда электр жарыгы кандай өчүрүлсө, азыр деле ошондой өчүрүлүп жатат», — деди М. Аманкулов.

Ал ошондой эле тармактык ведомстволордун жетекчилерине кайрылып, «Түндүкэлектро» ишканасынын ишин оңдоо боюнча кескин чараларды көрүүгө чакырды.

Бөлүшүү