Чолпон- Ата шаарында көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан кыргыз күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Анда 26 өлкөдөн 96 балбан 7 салмактык категорияда күч сынашты.

Мелдеш жыйынтыгында кыргыз балбандары Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 кг), Сымбатбек Алимбеков (60 кг), Зиямидин Шадыбеков (66 кг), Тариэл Үсөнов (74кг), Бектурган Кожомуратов (84 кг), Нурбек Кожобеков (96 кг) жана Бекболсун Кушубаков( +96 кг) алтын медаль тагынышты.

Таймашта Казакстан 3 күмүш 1 коло, Орусия 2 күмүш, 3 коло, Тажикстан 1 күмүш, 1 коло, Түркмөнстан, Венгрия, Моңголия экиден коло, Азербайжан 1 колого ээ болду.

Мелдештин байге фонду 1 млн 498 миң сом.

Бөлүшүү