1,5 айлык тыныгуудан кийин Улуттук банк кайрадан интервенция жүргүздү.

20-майда КРУБ валюта рыногунда 1,5 млн доллар сатып алды. Интвервенцияларды Улуттук банк доллардын кескин түшүп же өсүп кетүүсүн алдын алуу үчүн жүргүзүп турат.

Жылдын башында УБ доллардын кескин өсүүсүнө жол бербөө үчүн коммерциялык банктарга доллар сатып турган. Январь ичинде Улуттук банк 64 млн 350 миң доллар рынокко чыгарган. Январда доллардын орточо курсу 75 сомду түзүп турду.

Марттан тартып доллардын куну түшүп баштаганда Улуттук банк валютага суроо-талап жаратыш үчүн кайра сатып алып баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин банк 110 млн доллардан ашуун сатып алды.

23-майга карата доллардын расмий курсу 68,08 сомду түздү.

Бөлүшүү