Бүгүнкү күндө кыргыз ишкерелеринин көп көйгөйлөрү бар. Буга бийлик көңүл бурат.

Бул тууралуу бизнес-форумда экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

«Биз көйгөйлөр тууралуу экономика министрлигинде талкуулап турабыз. Республика интеграциялык жараянына активдүү катышууда. Бажы биримдиги өлкөгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келет деп ишенебиз. Бирок биринчи жылы жакшы жыйынтык көрсөткөн жок. Кыргызстандан ЕАЭС өлкөлөрүнө экспорт 27 %га төмөндөдү. Бул тенге менен рубль валюталарынын курсунун төмөндөшүнө байланыштуу. Ошондой эле ЕАЭС өлкөлөрүнүн экономикасынын начарлашы да себеп болду», — дейт ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү