Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган анда Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалициянын исламчыларга колдоо көрсөтүп жаткандыгынын далилдери бар экенин билдирди.

Reuters агенттиги кабарлагандай, түрк лидери коалицияны Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик топторго, анын ичинде «Ислам мамлекети» уюмуна каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айыптады. Эрдогандын айтымында, Түркияда коалиция тарабынан исламчыларга жардам берилип жатканын далилдеген сүрөттөр менен видеолор бар.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартынан бери уланууда. Анда өкмөттүк армия куралдуу оппозициянын топтору менен согушууда. АКШ башында турган антитеррористтик коалиция «Ислам мамлекетинин» күчтөрүнө каршы операцияларды өткөрүүдө. Түркия армиясы болсо башка аракеттери менен катар Сириянын түндүгүндө күрт топторуна каршы күрөш жүргүзүп келет.

Бөлүшүү