Бүгүн Еревандагы полиция менен каршылашып жаткан куралчан топтун жардамга келген 4 медицина кызматкерин барымтага алганы маалым болду.

Кечээ кечинде атышуу болуп 5 адам жаракат алган. Барымтачылардын башчысы Павел Манукян, анын уулу Арам жана бир полиция кызматкери ооруканага жеткирилген. Калган экөө медициналык жардамдан баш тарткан.

Ошондон көп өтпөй куралчан топ медицина кызматкерлеринин келүүсүн талап кылган. Жыйынтыгында алар жардамга келгендерди да барымтага алып калышкан.

Барымтачылар имаратты 17-июлда туткундап алган. Алар президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин жана радикалдык-оппозициялык уюмдун лидери Жирайр Сефилянды негизсиз камалган деп бошотууну талап кылышууда.

Алар башында бир нече адамды барымтада кармап турушкан. 23-июлдагы бийлик менен болгон сүйлөшүүдөн кийин 4 адамды коё беришкен. Кечээ 2 согушкер полицияга чегинип берген.

Бөлүшүү