Старт алган Европа Чемпионаты бул жылы уюштуруучуларга рекорддуу суммадагы киреше алып келет деп айтылууда. Франциянын экономикасына   турнир канча миллиард алып келет?

10-июнь күнү кечинде Сен-Дени стадионунда Евро-2016нын ачылыш аземи болду.

Чемпионаттын тарыхында биринчи жолу 24 команда катышууда. Оюндардын жалпы саны 31ден 51ге чейин көбөйдү.

Демек, акча агымы болуп көрбөгөндөй көп болот. Киреше булагын түз алып берүүлөр, сатылган билеттер жана келген күйөрмандар түзөт.

754655902231821

Франция канча акча коротту? Евро-2016 өзүн актай алабы?

Негизги чыгаша стадиондорду оңдоого жана курууга кеткен. Болжолдуу түрдө 1,7 млрд евро. Анын ичинен 62% — инвестиция, 38% өлкөнүн казынасынан алынган.

Серепчилердин айтымында, Франциянын кирешеси 1,26 млрд евро болот жана чемпионат 114 миң жумуш орундарын түзүп берет.

Мелдеш учурунда стадиондорго 2,5 млн адам барат жана 1 млрд евро коротот.

Марттын башында эле УЕФА Франция чемпионаттан 1,9 млрд евро табат деп  божомолдогон. Эң көп киреше булагы түз алып берүүлөрдөн болот -1 млрд евро, ал эми спонсордук укуктардан жана лицензиялардан 400 млн евро түшөт.

Билеттерди сатуу федерацияга 500 млн евро киреше алып келет деп айтылат.

Жалпысынан, УЕФА 1 млн билет чыгарган. Анын эң арзаны 25 евро, эң кымбаты 895 евро.

754655902230304Катышкан ар бир 24 өлкө футболчуларын 4 жана 5 жылдыздык мейманканларда жайгаштырган.
Эң кымбат жайгашкан команда — Англия.  Ал ар бир футболчуга 635 евро коротон, ал эми эң арзаны Швейцария 110 евро сарптоодо.

Орусия өз оюнчуларына жана делегаттарына 215,3 миң евро сарптайт.

Уткандар жана катышуучулар канча алат?

Жалпы байге фонду быйыл 301 млн еврону түздү.
Турнирдин жеңүчүүсү 27 млн евро, калган катышуучулар 8 млн евродон алышат.

Букмекерлердин кирешеси
Дүйнөлүк жана континенталдык турнирлерден букмекерлер чоң пайда көрөт.

Алдыңкы букмекердик конторанын эсептөөлөрүнө ылайык, бардыгы болуп 727 млн евро сайылат.

Бул акчалардын 16% «Англия утат» деген божомолдорго таандык. Эгер Англия чынында эле утуп калса, анда букмекерлер 72,6 млн евро жоготот.

Булак: rbc.ru

Бөлүшүү