ЖКнын КСДП фракциясы “Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун рефармалоого контракт» программасы боюнча Финансалык макулдашуну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнүн айтымында, «Билим берүү секторун реформалоого контракт» программасы билим берүү тармагын реформалоо жана анын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Андан тышкары, гранттык каражат билим берүү мекемелеринин, анын ичинде мектеп-интернаттар менен балдарды багуу боюнча өзгөчө мекемелердин муктаждыктары үчүн колдонулат.

Бул багытта Европа биримдиги 2016-2018-жылдарга 36 млн евро гранттык каражат караганы белгилүү болду. Анын ичинде 30 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жумшалат, ал эми 6 млн евро программаны ишке ашыруу үчүн техникалык жардам болуп саналат.

Талкуу жүрүшүндө жеӊилдетилген насыялар менен гранттык каражаттарды алууда техникалык жардам бөлүгүнө өтө эле көп каражат каралып жатканы белгиленди. Ошондой эле, алынган каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, программаны ишке ашыруу жүрүмүнө жергиликтүү консультанттар менен адистерди көбүрөөк тартуу сунуштары берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү