Буга чейин АКШнын Флорида штатында чиркейлердин чагуусунан улам зика вирусун жуктуруп алгандардын саны 28 болгон.

Андан кийин дагы эки адамдын жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Зика безгеги инфекциялык оорулардын катарына кирет. Ал негизи маймылдардын оорусу болуп, кээде чиркейдин чагуусу аркылуу адамдарга да жугат.

Зика кош бойлуулар үчүн коркунучтуу болуп эсептелинет. Анткени, анда түйүлдүктүн мээсине доо кетиши мүмкүн деп айтылат.

Андан сырткары, Пуэрто-Рикодо аталган вирусту 10 миңдеген адамдар жуктурганы айтылууда. Анын арасында көптөгөн кош бойлуулар да бар. Ошого байланыштуу аралда жайгашкан өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

 

Бөлүшүү