Бүгүн Кыргызстан курамасынын көчмөндөр оюндарына кийип чыкчу кийим формалары көрсөтүлдү.

Дизайнерлердин айтымында ар бир кийим көчмөн элинин философиясын даана көрсөтөт.

форма

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча комиттеттин директору Алмазбек Касеновдун айтымында, бул оюндарга ар бир мамлекет улуттук кийим кийип келсин деген талап коюлган.

«Биз былтыр спорттук кийим менен чыкканбыз. Быйыл калыстарга, ыктыярчыларга атайын да тиктирдик»,-дейт.

Дизайнер Эльвира Султангазиева ар бир чапан 12-15 миң сомго чыгат. Парадга чыкчу кийимдердин өңү атайын ДКОнун өңүнө окшоп жасалды.

Өтүктөр таза булгаарыдан жасалган баасы-2800 сом.

Жарыяланган тендерди 1 млн 933 350 сом сунуштаган «Иманбай-Ата» утуп алган.

 

Ал эми спорттук кийимдерге жарыяланган тендерди болсо «Баракат трайд» 2млн 69 605 сом менен уткан.

Спорттук кийимдер атайы кызыл түстө жасалган.

Бир комплекттин баасы 10 миң сом.

 

 

 

 

Бөлүшүү