Saat.kgге парламенттеги 6 фракциянын жетекчилеринин жана спикердин саясатка кантип, качан аралашып калгандыгы тууралуу саясат таануучу жана саясатчы айтып берди.

Чыныбай Турсунбеков
Сүрөт: argumenti.kg

Чыныбай Турсунбеков — Жогорку Кеңештин төрагасы

Саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин айтымында, Турсунбеков саясатка өзүнүн көз карашын, өзүнүн философиялык оюн түптөп, бизнесин өнүктүрүп, байып алгандан кийин келген.

Ал эми жаш саясатчы Адиль Турдукулов болсо спикер бизнес аркылуу, акчанын күчү менен саясатка келгенин айтты.

«Бакиевдин убагында аны президенттикке түртүп, Атамбаевдин убагында КСДПчы боло калган», — дейт ал.

Сүрөт: birge.info
Сүрөт: birge.info

Өмүрбек Текебаев — «Ата Мекен» фракциясынын лидери

Коомчулукта «Конституциянын атасы» деп аталган Текебаев Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты болуп келген. Турдукулов билдиргендей, ал башында мугалим болуп жүрүп, анан саясатка киришкен. Бакетаевдин айтымында, байлыксыз эле мугалим кезинде акыйкатты издеп, саясий жоопторду издеген киши болгон. Жаңы демократия башталганда ошонун толкуну менен келип калган.

Сүрөт: onuguu.kg
Сүрөт: onuguu.kg

Бакыт Төрөбаев — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери

Бакыт Төрөбаев алгач бизнеси менен байып алып, саясатка аралашып азыр ага салымын кошуп жаткан убагы деген оюн Бакетаев билдирди.

Ошол эле учурда анын атасы Эргеш Төрөбаев да ССРБ убагында, кийин эгемендүүлүктү алгандан кийин депутат болгонун Турдукулов айтты.

Сурөт: kyrtag.kg
Сурөт: kyrtag.kg

Канат Исаев — «Кыргызстан» фракциясынын лидери

Канат Исаев Токмок шаарына мэр болгон.»Аны жаңы мэрликке келгенде жаштар колдоп, көтөрүп чыгышкан. Ошондон кийин саясатка келди», — дейт саясий серепчи.

 

13618225_1029338707187425_1758243658_nИса Өмүркулов — КСДП фракциясынын лидери

Чыныбай Турсунбеков спикер болоору менен аталган фракцияны жетектеп калган Өмүркулов мурда Текебаев менен бирге болчу экен. Бул тууралуу Бакетаев айтты.

«ССРБ ураган жылдардан баштап, мурунтан эле саясатка аралашып жүргөн», — деди.

 

Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов — «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери

Бабанов болсо байлыкты топтоп алып, андан кийин саясий айдыңына келиптир.

«Талас облусунан көп добуш алып 2005-жылы депутат болгон», — деди Турдукулов.

 

 

 

Бөлүшүү