Францияда сот 16 жаштагы кызды ИШИМге (ИГИЛ) көмөктөшкөн жана кол салууну пландаган деген шек менен күнөөлүү деп тапты.

Кыздын социалдык тармактардан мыкаачылык иштердин жасоого чакырганы иликтөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгон. Башкы прокурордун берген маалыматы боюнча ал Telegram мессенжериндеги аталган уюмду пропагандалоого арналган сүйлөшүүнүн (чат) администратору болгон.

Тергөөчүлөрдүн билдирүүсү боюнча кыз чектен тыш радикалдашып кеткен. Анын өздүгү жашырылды. Азыркы тапта укук коргоо органдары башка катыштыгы бар адамдарды издеп жатышат.

Бөлүшүү