Индиянын Гоа штатында өтүп жаткан  (U-16) өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында бүгүн Кыргызстан курамасы Жапониядан жеңилип калды.

Самат Суймалиевдин тарбиялануучулары биринчи оюунун Австралияга каршы өткөрүп 1:0 менен жеңишке жеткен.

Жапония Азиядагы эң күчтүү командалардын катарын толуктайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан курамасынын капчыгында 3 упай бар.

Бөлүшүү