Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 30-августта Казакстан-Кыргызстан ортосунда жолдоштук оюн өттү.

Матч аза күтүү мүнөтүнөн башталып, Чарымурат Курбанов башында турган Түркмөнстандык арбитрлер тобу оюнду тейледи.

Алгач 44-мүнөттө топту киргизген Валерий Кичин болду. Ошентип биринчи таймдын жыйынтыгы менен эсеп 1:0.

Экинчи таймда да Кыргызстан курамасы активдүү болуп 82-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев эсепти 2:0 кылганга жетишти.

Кошумча мүнөттөрдө Казакстан эсепти теңей алган жок.

Кыргызстан эгемендүүлүк тарыхындагы Казакстанды биринчи жолу жеңди, эми кураманы Филиппин менен болгон оюн күтөт.

 

Бөлүшүү