Президент Алмазбек Атамбаев алардын айткандары жөн эле маанисиз сөздөр экенин айтты.

«Бизди коюп тышкы иштер министрлиги өзүнүн ишин жөндөп, өз өлкөсүндөгү окуянын алдын алса болмок”, – деп президент маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө  кыргыз-түрк окуу жайлары билим берүү министрлигинин стандарттарына жооп бере турганын маалымдады.

“Кыргызстан суверендүү өлкө. Ошондуктан ал кандай чечимдерди кабыл аларын өзү билет. Эгер кимдир бирөө бизге жардам бергиси келсе, кайсы бир төлөмдөрдү ордуңарга төлөп жатабыз дебей эле жана кандайдыр бир шарттарды койбой эле жардам берсин. Бизге жардам берген өлкөлөргө ыраазыбыз. Ал эми акыл үйрөтүүнүн кажети жок. Биздин кичинекей өлкө экенибиз чын. Бирок биз эң эле байыркы дүйнө элдеринен болобуз. Ал эми мындай кыргыз, жөөт, кытай сыяктуу эл дүйнөдө аз гана кездешет” – деди.

Бөлүшүү