Германиянын коргоо министри Трампты Путинге ашкере жакындап кетпөөгө, ошол эле учурда НАТОну бизнес эмес, пикирлеш элдердин биримдиги катары кароого чакырды.

«Мыйзам, тынчтык жана демократия тараптабы же анын баарын эстен чыгарып, мыкты дос издөө аракетиндеби? Дональд Трамп кайсы тарапта экенин так аныкташы керек», — деди Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Лайен 10-ноябрда жергиликтүү телеканалдагы маегинде.

АКШ президенттигине жаңы шайланган Трамп үгүт учурунда НАТОдогу өнөктөштөрүн сынга алган. Ал уюмдун чыгымдарын төлөөдө теңдик болбой жатканын айтып, андай боло берсе АКШ Европадагы союздаштары менен кызматташуудан баш тартарын айткан. Ошол эле учурда орус президенти Владимир Путинди мактап, Орусия менен мамилени жакшыртарын айтып келген.

Ушу тапта НАТО менен Орусиянын мамилеси чыңалган абалда.

Бөлүшүү