Кыргызстанда тоо медицинасынын орду абдан чоң. Аянтынын 94% тоо менен курчалган өлкөдө башкача болушу да мүмкүн эмес. 

Тоо медицинасы деген эмне?

Бул — бийик тоолуу аймактардын адамдарга тийгизген таасирин изилдөө.

Кыргызстанда академик Мирсаид Миррахимовдун демилгеси менен 1989-жылдан тарта толук изилдене баштаган. Дал ушул профессор Төө-Ашуу 3200 метр деңиз деңгээлинен бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү уникалдуу база экендигин далилдеп берген.

Тоолордун таасири терс болушу мүмкүнбү?

Кыргызстанда 200 миңден ашык адам бийик тоолуу аймактарда жашайт.

Туруктуу тоодо жайгашкан калк үчүн таасир өтө күч. Себеби, суук аба-ырайынан улам дайыма от түтөтүп тамак бышыруу, тамеки чегүү, кычкылтектин жетишсиздиги бронха оорууларына алып келет. (Кыргызстан өпкө оорууларынан каза тапкандардын саны боюнча I орунда турат).

Анан да, тоодо жашаган калк бизге окшоп түрлөп тамак жебейт. Витаминдин жетишсиздиги да көп ооруларга себепкер. Анткени, негизги басым эт менен данга кылынат.

сүрөт:open.kg
Сүрөт: open.kg

Тоодо дарылануу туурабы?

Албетте тоонун таасири изилдене турган илим. Бирок эл арасында тоо медицинасы өзүнчө «бренд» болуп калган.

«Тоо койнунда кымыз ичип дарылануу болгон жана болбогон дартка даба». Бул сөздөрдү ар бир кыргыз уккан. Ал эле эмес, бийик тоого чыгып, эшектин сүтүн ичүү рактан айыктырат деп жарнамалап, баланча ичип айыгып келиптир, ичсеңер мен көр, сен көр жок болот дегендер четтен чыгат.

Сүрөт: SAAT.kg
Сүрөт: SAAT.kg

Дарыгерлердин айтымында, бул туура эмес. Албетте эффект болушу мүмкүн. Бирок көп учурда артык кылам деп тыртык кылгандар бар.

Бийик тоолуу аймактын климаты көнүмүш абадан абдан эле айырмаланат. Өз ден соолугу тууралуу толук билбей, өзүм билемдик кылып дарылануу абдан кооптуу. Себеби, ооруулар козголуп, атүгүл күчөп, өлүмгө чейин алып барышы мүмкүн.

Тоо климатына көнүү 10 күн алат. Ага чейин ашык кыймыл-аракет кылганда энтигүү, кан басым жогорулап же төмөндөп жүрөт.

Абайлабаса, аба басымы өтө жогору жерлерде адам түтөктөн (аба жетпей калуу) каза табышы мүмкүн.

Изилдөө эмне берди? Кыргызстанда тоо медицинасы мындан ары өнүгүшү керекпи?

Ооба. Себеби, убагында Мирсаид Миррахматович баштаган эмгек азыр акырындап өз жемиштерин бере баштады.

Мисалы, Төө-Ашуу базасында 2 станционар жайгашкан. Илимий гематология борборунун бийик тоолуу стационары жана жаңы эле ачылган Кыргыз-Швейцар илимий медицина борбору.

Стационарда астма ооруусунан жабыркагандар жатат. Оорукананы айланып бир дары таппайсын. Ийне саюу деген чыгыш балакеттер да жок. Бир гана дем алуу гимнастикасы, дарыгердин көзөмөлүндө сейилдөө жана физикалык көнүүгүлөрдү жасоо жолу менен дарылоо жүрөт. Бардыгы бекер. Бейтаптардан эч кандай акча алынбайт.

Гематология борбору болсо жалгыз Кыргызстан эмес, КМШ өлкөлөрүнөн да ооруулуларды кабыл алат.

Бул жерде кан оорусу, анемия, лейкемия жана башка дарттар менен жабыркагандар дарыланат.

Стационар 40 адамга ылайык. Орусия, Украина, Грузия, Казакстан мамлекеттеринен келип атайы дарыланып кетишет.

Бейтаптар

Бейтап Максим Рыбаков өзүнүн окуясын айтып берди.

“Мен Питерден (Санкт-Петербург, Орусия) болом. 16 жаштамын. Кичине кезимден бери анемия менен жабыркайм. Орусияда даарыланып жатып өпкө тумоосуна кабылгам. Анан Германияга барып өпкөмдү алдыруу боюнча операцияга даярданып жаткам. Ата-энем Александр деген адамды табышыптыр. Ал меникиндей дарт менен жабыркап, Кыргызстанга келип айыгып кеттим деп айткан эле. Биз Абдухалим Раимжановдун номерин алып чалганыбызда, ал бизге өпкөңөрдү алдыргыла да, келгиле деген”, — дейт.

Азыркы учурда Максимдин абалы абдан жакшы. «Мен өзүмдү соо адамдардай эле сезип калдым. Мен толук кандуу жашап жатканыма сүйүнөм»,- деп кошумчалады.

Жалал-Абал облусунун Ноокен районунан келген Перисары 2011-жылдан дарыланып жүргөнүн айтты.

“Кыскача мындай түшүндүрсө болот, биздин денеден кан чыкпай калат. Кан куюу жолу менен жашаш керек болот. Мен буга чейин ар бир 10 күн, 20 күн сайын кан куйдурчу элем. Азыр жок, бул жол менен дарыланбай калдым. Гемаглобиним 35 болсо, азыр 150 болду”, — деп айтып берди.

Бейтаптарды дарылоо 40 күн жүрөт. Анын ичинен 10 күн шартка көнүү үчүн өтөт. Дарылоо мекендештерге күнүнө 800 сом, КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына 1600 сом . I-II топтогу айыптага 50% арзандатуу каралган.

Бейтап дароо толук сакайып кете албайт. Ал жыл сайын келип дарыланып турушу кажет.

Эмне үчүн бул тармакты өнүктүрүүнүн жолу бир гана чет мамлекеттер менен иштешүү?

Швейцария менен биргеликте ачылган бийик тоолуу медициналык, илимий борбор жаңы эле ачылды. Мекемеде 9 швейцар дарыгери келип, жергиликтүү кызматкерлер менен тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Дал ушундай стационарлардын ачылышы «Кыргызстанды тоолуу аймак» катары таанытууга чоң өбөлгө түзөт. Бирок бул өтө чоң ресурстарды талап кылчу маселе. Айтылып кеткен мекемелердин бири да өкмөт казынасынан курулган эмес, каржыланбайт. Дарыгерлердин өзүнүн күчү менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар.

Каражаттын жетишсиздигинен мекеме 3 ай гана иштейт. Станционардын ачылышына себепкер, Швейцария тарап менен иштешкен профессор Талант Сооронбаев «келечекте мезгилдүү эмес, туруктуу иштесек»,- дейт

Азыр Түштүк Кореялык дарыгерлер да иштешүүгө кызыкдар.

Сооронбаевдин айтымында, чет өлкөлүк гранттар гана тоо медицинасын өнүктүрүүдөгү жалгыз жол.

«Борбордук оорууканаларда каражат тартыштык маселеси жүрүп жатканда , тоо чокусуна стационар курабыз, каражат бөлүп бергиле деген туура эмес болуп калмак, биз өз күчүбүз менен агайыбыз Мирррахимовдун эмгегин улантууну кааладык», — дейт Сооронбаев.

Фондогу сүрөт: open.kg

Бөлүшүү